Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-августу №2/2
Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспектордун жана Аксакалдар сотунун, Аялдар, Жаштар кеңештеринин жер-жерлерде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспектордун жер-жерлерде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө берилген маалыматтарды угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспекторлордун жер-жерлерде жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн алдындагы ”Коомдук алдын алуу борборунун” ишин жандандыруу боюнча иштиктүү чараларды көрүү, комиссия борбор менен коомчулуктун байланышын арттыруу аркылуу коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мал уурулукка бөгөт коюу, тургундар жана өспүрүмдөр арасында катталуучу кылмыштарды алдын алуу, соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин, тамеки заттарын сатууга тыюу салуу боюнча аракеттерди көрүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Т.Жунусов, Кара-Кулжа РИИБдүн КККнын МУУйлары Т.Саалыев, С.Эсенбаевдерге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу:комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага |
А.Кадыркулов |