Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-августу №2/3
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин 2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2 –пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин 2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө” Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Козуевдин маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин 2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгү 28023,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 17496,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2024-жылдын II жарым жылдыгына белгиленген иш-чараларга муктаждыкка жараша өзгөртүүлөрдү киргизүү менен каржылоону ишке ашырып 2024-жылдын бюджетин аткарууну камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге, ФЭБ башчысы А.Козуевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Н.Айтбаев) тапшырылсын.
Төрага |
А.Кадыркулов |