Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-августу №2/4
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Бешкемпир айылынын жашоочуларынын Бешкемпир суусунун турак жайларга келтирүүчү коркунучту алдын алуу боюнча 01.08.2024-жылдагы жыйналышынын чечимин бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Бешкемпир айылынын жашоочуларынын турак жайына Бешкемпир суусу келтирип жаткан коркунучу боюнча Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Бешкемпир айылындагы Бешкемпир суусунун турак жайларга келтирүүчү коркунучту алдын алуу жөнүндө Бешкемпир айылынын жашоочуларынын 01.08.2024-жылдагы жыйналышынын чечими бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Бешкемпир айылындагы Бешкемпир суусунун нугун өзгөртүү менен сол тарабын бийиктетип калыбына келтирүү үчүн кетүүчү чыгымдарды эсептеп берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Кадыркулов |