Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-августу №2/5
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылынындагы айылдык маданият үйүнө белгилүү акын, котормочу (маркум) Ташбаев Кармышактын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун “Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата белгилүү инсандардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу боюнча ” кабыл алган иш-чаралар планы тууралуу” катын жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтунүн башчысы Б.Эргешбаевдин сунушун карап чыгып Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын чыгарган корутундусунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылынындагы айылдык маданият үйүнө Ташбаев Кармышактын ысымы ыйгарылсын.
2. Ташбаев Кармышактын ысымы ыйгарылган маданият үйүнө аталышы боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип анын ички сырткы абалын талапка ылайык келтирип элге кызмат кылуусун камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге, маданият үйүнүн директору Б.Саиповага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
А.Кадыркулов |