Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-августу №2/6
“Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Салаа-Таш” кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 «Жергиликтүү маанидеги микрокоруктарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн жана алардын иштешинин тартиби» жөнүндө токтомуна ылайык “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорун Ылай-Талаа айыл аймагында ишке ашыруу максатында Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 «Жергиликтүү маанидеги микрокоруктарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн жана алардын иштешинин тартиби» жөнүндө токтомуна ылайык “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Салаа-Таш” кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планы бекитилсин.
2. “Салаа-Таш” кичи коругунун инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча түзүлгөн иш план Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Социалдык экономикалык өнүктүрүү планына (ПСЭР) киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Орчун” коомдук бирикмесинин жана “Салаа-Таш” кичи коругунун демилгелүү тобунун башчысы А.Чатаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Арзиев) тапшырылсын.
Төрага |
А.Кадыркулов |