Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 3-августу №5/1
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Токбай-Талаа айылындагы Укуш ажы көчөсү-9 дарегиндеги айылдык оорукананын имаратын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-главасынын 5-беренесинин 1- “ Мамлекеттик менчик объекттерин мыйзамдарга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү тууралуу” пунктуна ылайык айыл аймагындагы баланска кабыл алынбай калган айылдык оорукананын имараты тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин маалыматын жана айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Токбай-Талаа айылындагы Укуш ажы көчөсү-9 дарегиндеги айылдык оорукананын имараты (идент. код 5-03-10-1001-0265) айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Баланска кабыл алына турган имараттын балансалык баасын ыйгарым укугу бар орган аркылуу аныктатып ал боюнча зарыл болгон иш-аракеттерди жүргүзүү менен баланска кабыл алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Кадыркулов |