Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-августу №6/2
Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы № 23 контурундагы (0,40 га сугат айдоо) турган жалпы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы имаратын куруу үчүн “Калктуу конуш жерлери ” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ишке ашырылсын.
2. Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы № 23 контурунда (0,40 га сугат айдоо) турган жалпы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы имаратын куруу үчүн “Калктуу конуш жерлери ” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берет.
3.Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
А.Кадыркулов |