Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-августу №6/3
Ылай-Талаа айыл аймагында жакынкы убакта ар бир короого ичүүчү сууну киргизүүнү ишке ашыра турган долбоордун талаптарына ылайык айылдарда ичүүчү сууну пайдаланган абоненттерге суу эсептегичтерин орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесиндеги 1.1 – “Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу” пунктун жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагында жакынкы убакта долбоор аркылуу ар бир короого ичүүчү сууну киргизүү жана ичүүчү сууну пайдаланган ар бир абоненттерге суу эсептегичтерин орнотуу жактырылсын
2. Тиешелүү документтерди даярдап ишке ашыруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге, “Ылай-Талаа тазалык жана таза суу” МИнын жетекчиси Б.Коңурбаевге жана долбоордун алкагында аткарылуучу жумуштардан сырткары суу эсептегич орнотулуучу жерлерди казып даярдап берүү жагы сууну пайдаланган абоненттерге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Кадыркулов |