Редакцияот 12.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезектеги 18 сессиясы

 

2025-жылдын 03-октябры  № 41

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылындагы  таза суу түтүктөрүн алмаштырууга Алай райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылындагы  таза  суу түтүктөрүн алмаштырууүчүнжүрүзүлө турганкурулуш иштерине, жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу 2025-жылдын сметасына акча каражаты каралбагандыктан Алай райондукөнүктүрүү фондунан 352,0 миң,сом (үч жүз элүү эки миң) акча каражатын суроо максатында  Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңеши      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылындагы таза суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн жүрүзүлө турган курулуш иштерине, жергиликтүү бюджетттин тартыштыгына байланыштуу 2025-жылдын сметасына акча каражаты каралбагандыктан Алай райондук өнүктүрүү фондунан 352,0миң,сом (үч жүз элүү эки миң) акча каражаты суралсын.

2.Бөлүнгөн акча каражаты максаттуу жана мыйзам чегинде жумшалышын камсыздоо жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге жана Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Ы.Карыбековго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н.Турсуналы уулу