Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 19
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы А.Абдылдааевдин 2025-жылдын 20-февралындагы №1 сандуу сунушун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 17-декабрындагы №01-25/342 сандуу буйругу менен бекитилген аксакалдар сотунун Регламентин карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын аксакалдар сотунун Регламенти бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы А.Абдылдаевге тапшырылсын.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |