Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 21
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12-февралындагы №40/1 сандуу сунушун кароо жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу Ак-Босого айылы менен Чолок-Боз участкасын байланыштырган жолду ошол аймактын жолдорун караган жол эксплуатациялоо ишканасынын (ДЭП) карамагына(балансына) өткөрүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12-февралындагы № 40/1 сандуу сунушун карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу Ак-Босого айылы менен Чолок-Боз участкасын байланыштырган 2км жолду айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12-февралындагы №№ 40/1 сандуу сунушунун нгеизинде, ошол аймактын жолдорун караган жол эксплуатациялоо ишканасынын (ДЭП) карамагына(балансына) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ак-Босого айылы менен Чолок-Боз участкасын байланыштырган 2км жолду жол эксплуатациялоо ишканасынын (ДЭПтин) карамагына(балансына) өткөрүп берүү боюнча иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Абжапар уулу Мирланга жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |