Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы
2025-жылдын 12-марты № 22
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн сунуштама катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2025жылдын 4-мартындагы № 01-8/16 сандуу сунуштама катын карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Төбө жана К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөттөрүнүн 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын шайкештик аудитинин жыйынтыгынын негизинде айрым кемчиликтерге жол берилгендиги белгиленсин жана аудиттин жазма буйругунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу менен калыбына келтирүү чаралары көрүлсүн.
2.Сунуштама каттын негизине аудиттин жазма буйругунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди мындан ары болтурбоону жана кетирген кемчиликтери үчүн жооптуу кызматкерлерге кызматтык чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |