Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-марты №6-1
Бел айыл өкмөтүнүн балансына келген муниципалдык мүлктүн (экскаватордун) жана айыл өкмөтүнүн балансында турган 82-10 тракторун иштетүүдө ижара тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-январындагы №6-б буйругу менен берилген 1 даана “Hundai R140W-9S” үлгүсүндөгү мамлекеттик мүлктү (экскаваторду) жана өкмөттүн балансында турган 82-10 тракторун иштетүүдө тарифтерин түзүп, бекитүү жөнүндө маселени жалпы депутаттар, айыл өкмөт башчысы жана Муниципалдык ишкананын жетекчиси менен биргеликте талкуулап карап чыгып айылдык кеңештин 6- сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген мүлктү (экскаваторду) иштетүүдө тарифтери белгиленсин:
-Экскаватордун ижара акысы бир айда 60 000 (алтымыш миң) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
-Айыл өкмөтүнүн балансында турган 82-10 үлгүсүндөгү трактордун ижара акысы бир жылга 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленип, айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
2.Көрсөтүлгөн тарифтердин негизинде техникаларды пайдалануу боюнча иш алып баруу жагы МИнын жетекчиси Ж.Султановго милдеттендирилсин.
3.Техникаларды иштетүүнү көзөмөлдөө жана бюджетке кириштөө боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет,экономика, муниципалдык менчик, айылчарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Ураимов |