Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-марты №6-2
Бел айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Бел айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Белайыл өкмөтүнүн2025-жылдын 27-февралындагы №01-19/11 сандуу катын айылдык кеңештин дпутаттары карап чыгып талкуулап, Салык кодексинин 379-бренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бел айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салык ставкасы Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын сунушталган орточо ставкага негиз, 1м2 аянтка 12,66 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Бел айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Ушул токтом мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, эономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
М.Ураимов |