Редакцияот 15.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15 – отуруму

ТОКТОМУ

 

15.12.2025.    № 15/1   

Гүлчө шаары                                  

Гүлчө шаарынын кеңешинин жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга карата бекитилген сметасындагы кээ бир салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 15-отуруму, Гүлчө шаарынын мэри Н.Э. Тажибаевдин сунушу боюнча экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен таанышып, талкуулап, 2025-жылдын 12-декабрындагы протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын 20.10.2021.№123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык  токтом кылат:         

 

1.Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 115-беренесине ылайык, Гүлчө шаарынын кеңешинин, жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга карата бекитилген сметасындагы кээ бир салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

 

 

К/н

 

 

Берененин аталышы

 

берене

 

бардыгы

3-квартал

4-квартал

көбөйтүү

азайтуу

көбөйтүү

азайтуу

1

Киреше салыгы

11 111 100

-304,8

 

-304,8

 

 

2

Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы

11321200

-105,0

 

-40,0

 

-65,3

3

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 

11321300

400,0

400,0

 

 

 

4

Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык

11311100

202,0

 

 

202,0

 

5

2-топтогу ишкердик үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык

11311200

135,0

 

 

135,0

 

6

Короо жанында жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы

11321100

30,0

 

 

30,0

 

7

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

11321300

548,3

 

 

548,3

 

8

таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым

14224200

500,0

 

 

500,0

 

9

автоунааларга стоянка жана порковка үчүн жыйым

14224300

400,0

 

 

400,0

 

 

жалпы

 

1805,5

400,0

-344,8

1815,3

-65,3

 

 

2.Гүлчө шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын бекитилген сметасынын төмөндөгү беренелердин планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

болум

Берененин аталышы

бернене

бардыгы

3-квартал

4-квартал

 

 

көбөйтүү

азайтуу

көбөйтүү

азайтуу

704

Экономикалык суроолор

2215

1557,5

55,2

 

1502,3

 

706

ЖКХ

2511

248,0

 

 

248,0

 

 

жалпы

 

1805,5

55,2

0

1750,3

0

 

3.Жогорудагы акча каражатын 2024-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

4.Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А. Самиев