Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-марты №6-3
“Бел” муниципалдык ишканасына субсидия кароо жөнүндө
Бел муниципалдык ишканасына субсидия кароо жөнүндө маселе боюнча МИнын жетекчисинин маалыматын ошондой эле ФЭБ башчынын кошумча маалыматынын негизинде сессияда угуп, депутаттар талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
1.“Бел” муниципалдык ишканасына субсидия катары 425 000 (төрт жүз жыйырма беш миң) сом муниципалдык ишкананын бюджетинен каралсын.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго, МИнын жетекчиси Ж.Султановго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Ураимов |