Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-марты №6-4
Бел айыл өкмөтүнүн китепканасы боюнча маселени кароо жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнө караштуу китепкананын штаты боюнча маселе сессияда каралып депутаттар жана айыл өкмөт башчысы тарабынан талкууланып айылдык кеңештин №6 сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө” №495 токтомунун негизинде иш алып баруу жагы каралсын.
2.Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Ураимов |