Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-марты №6-5
Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин эсептен чыгарылган жылытуу системасынан “Райхан” балдар бакчасына өткөрүү жөнүндө
Бел айыл өкмөтүндөгү Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин жылытуу системасы жаңыланып жаткандыктан эски эсептен чыгарылгандарынан 40 даана 10 бөлүктүү жылыткычтарын “Райхан” балдар бакчасына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени сессияда депутаттар, айыл өкмөт менен биргеликте карап чыгып, талкуулап көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Г.Эргешов атындагы атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин жылытуу системасы жаңыланып жаткандыктан эски эсептен чыгарылгандарынан 40 даана 10 бөлүктүү жылыткычтарын “Райхан” балдар бакчасына өткөрүп берүү жагы жактырылсын.
2.Токтомдо көрсөтүлгөндөрдү мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго, айыл башчыларга жана мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Ураимов |