Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-марты №6-6
Айыл аймагындагы суу качыруучу арыктарды ( дренаждарды) казуу жана үлүш жерлерди иретке келтирүү боюнча
Айыл аймагындагы кооптуу болгон жерлерди суу качыруучу арыктарды (дренаждарды) казуу жана үлүш жерлерди иретке келтирүү боюнча айыл башчылардын жана депутаттар тарабынан айтылган сунуштардын негизинде сессияда карап чыгып, талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айыл аймагындагы бардык кооптуу болгон жерлерге суу качыруучу арыктарды (дренаждарды) казуу боюнча иш алып барылсын.
2.Үлүш жерлерди иретке келтирүү боюнча комиссия түзүлүп, аткарууга алынсын.
3.Токтомдо көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине, айыл башчыларга жана өзгөчө кырдаал боюнча адиси Ж.Сыдыковго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Ураимов |