Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-марты №7-1
Бел айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндө
Бел айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия курамын жана резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына талапкерлер жана резервдик курамына көрсөтүлгөн жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдору бекитилсин.
2.Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
М.Ураимов |