Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-марты №7-3
Бел айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы №5-5сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Бел айылдык кеңеши 2025-жылдын 5-февралында чыккан 5-5 сандуу Бел айыл аймагынын №338 контурундагы жайыт жеринен 0,60 сотых жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча токтомду жокко чыгаруу жөнүндө маселени кайрадан сессияда карап чыгып талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Бел айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы №5-5 сандуу токтомун жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Ураимов |