Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
2025-жылдын 12-марты № 23
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешин участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди бекитүү максатында айыл аймагынын айылдарында өткөрүлгөн жарандардын жыйындарынын протоколдорун карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын мөөнөтү бүтүп, башкадан курам түзүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл аймагынын айылдарында өткөрүлгөн жарандардын жыйындардынын протоколдорунун негизинде, жаңыдан түзүлүп жаткан участкалык шайлоо комиссияларынын курамына сунушталган талапкерлер №5121, №5122, №5123,№5124, №5125, №5126, №5127, №5128, №5542 участкалар боюнча төмөндөгүдөй курамда бекитилсин жана Алай аймактык шайоо комиссиясына сунушталсын.
2.Участкалык шайлоо комиссиясына мүчөлүгнө талапкердин өздүк документтери Алай аймактык шайлоо комиссиясына өз мөөнөтүндө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин этика,укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |