Редакцияот 25.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезектеги 12-сессиясы

 

2025-жылдын 25-апрели  № 27

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-апрелиндеги   №94 сандуу сунуш катын кароо жөнүндө

 

    Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу айылдарда мал жандыктардын ылаңдарына каршы эмдөө жасап жана ветеринардык көзөмөл жүргүзүп келе жаткан жеке ветеринардык кызматкерлердин акы алып калкка кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-апрелиндеги  № 94 сандуу сунуш катын карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 94 сандуу сунуш катынын негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу айылдарда мал жандыктардын ылаңдарына каршы эмдөө жасап жана ветеринардык көзөмөл жүргүзүп келе жаткан жеке ветеринардык кызматкерлердин акы алып калкка кызмат көрсөтүү тарифи төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

 

Бодо малга: жылкы, уй, топозго -50сом

Жандыкка:  кой, эчкиге-20сом

 

2. Жогорудагы тариф боюнча акы алып кызмат көрсөтүү жагы жеке ветеринардык кызматкерлерге эскертилип, тааныштырылсын.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы башчынын убактылуу милдетин аткауучу Т.Д.Таевге тапшырылсын.

 

Төрага:

Н.Турсуналы уулу