ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 19
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кичи-Каракол айылындагы кичи футбол аянтчасынын чатырын жабууга Ош облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кичи-Каракол айылындагы кичи футбол аянтчасынын чатырын жабуу үчүнжүрүзүлө турганкурулуш иштерине, жергиликтүү бюджетттин тартыштыгына байланыштуу 2024-жылдын сметасына акча каражаты каралбагандыктан Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3371,2 миң сом (үч миллион үч жүз жетимиш бир миң эки жүз ) акча каражатын суроо максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кичи-Каракол айылындагы кичи футбол аянтчасынын чатырын жабуу үчүн жүрүзүлө турган курулуш иштерине, жергиликтүү бюджетттин тартыштыгына байланыштуу 2024-жылдын сметасында акча каражаты каралбагандыктан Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3371,2 миң сом акча каражаты суралсын.
2.Бөлүнгөн акча каражаты максаттуу жана мыйзам чегинде жумшалышын камсыздоо жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге жана Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Ы.Карыбековго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Асантай уулу |