Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2024-жылдын 12-августу № 22
Мекеме уюмдарда, мектептерде бала бакчаларда ремонт иштеринин жүрүшү жөнүндө
Мекеме уюмдарда, мектептерде бала бакчаларда ремонт иштеринин жүрүшү боюнча айыл өкмөт башчысынын, мекеме жетекчилердин жана айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын маалымат билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу мекеме уюмдарда, мектептерде бала бакчаларда ремонт иштеринин жүрүшү канааттандырарлык деп
белгиленсин.
2. Айыл аймагына караштуу социалдык обьектерде кышка карата жылуулук системаларын ремонттоо, көмүр менен камсыздоого даярдык иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Асантай уулу |