Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2024-жылдын 12-августу № 23
Ижарага берилүүчү чөп чабынды жерлерди туура пайдалануу, ижарага берилген жерлер боюнча жер адисинин маалыматын угуу жөнүндө.
Ижарага берилүүчү чөп чабынды жерлерди туура пайдалануу, ижарага берилген жерлер алардын төлөмдөрү боюнча жер адиси М.Эшназаровдун жана жер жана агрардык саясат боюнча туруктуу комиссиянын маалымат билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында ижарага берилген жерлердин 2024-жылдын I-жарым жылдыгындагы планында көрсөтүлгөн төлөмдөр аткарылбагандыгы белгиленип тез арада кемчиликтерди жоюу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
2.Айылдык кеңештин отурумундагы сын сунуш , пикирлерди эске алып, айыл өкмөтүнүн 9-айлык планында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдү камсыз кылуу үчүн алгылыктуу иштерди жүргүзүүнү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Эшназаровго милдеттедирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. Турганбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.Асантай уулу |