Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-1
Араван айылы
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин 1- жарым жылдыгына карата аткарылышы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин 1- жарым жылдыгына карата аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин отчетун жана 2024-жылдын 2-кварталында жергиликтүү бюжеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү кигизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, сессияга катышкан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин
1- жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2-кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнүн өзгөрүүлөрү №1-тиркемеге карата бекитилсин. (1-тиркеме тиркелет.)
3. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2-кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү №2-тиркемеге карата бекитилсин. (2-тиркеме тиркелет.)
4. С.Юсупова айыл өкмөтүнө 2024-жылдын 2-кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше жана чыгаша каражаттарынын бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрү пайда болгон учурда айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына кайрылуу жагы белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |