Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-2
Араван айылы
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө.
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө милициянын ага аймактык тескөөчүсү милициянын капитаны Мамат уулу Жаңыбайдын маалыматын угуп, талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык кенеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө милициянын капитаны Мамат уулу Жаңыбайдын маалыматы эске алынсын.
2. Кылмыштуулуктун алдын алууда жер-жерлердеги коомдук уюмдар эсептелген, КАБ, көчө комитеттери, аялдар кеңеши, аксакалдар соту, жамааттар менен тыгыз байланышта болуп, эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин, профилактикалык иштерди күчөтүү колго алынсын.
3. Айыл аймагында спирттик ичимдиктерин сатуучу дүкөндөрдүн ээлерине спирттик ичимдиктерди 8.00 дөн 22.00 гө чейин сатуусу белгиленсин. 22.00 дөн кийин спирттик ичимдиктерин сатырбоо жана саткан дүкөн ээлерине катуу чара колдонуу жагы айыл башчыларына жана аймактык тескөөчүлөргө тапшырылсын.
4. Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түнкү күзөтүү уюштуруп «Сакчы» тобун ишин жандандырып, аларга усулдук жардам көрсөтүү менен жаштар арасында кеңири түшүндүрүү иштерин колго алып, тегерек столдорду, практикалык окуу-семинарларды уюштуруп, аларга адистерди чакыруу менен жаштарды кылмыштуулуктан кайтарууну бардык чараларын көрүү аймактык тескөөчүлөргө, айыл өкмөтүнүн жаштар комитетине тапшырылсын.
5. Айылдык кенештин аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу, диний-экстремизмге каршы күрөшү боюнча айыл тургундарын арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы колго алынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймактык МАЫӨнө жана С.Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |