Редакцияот 17.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 9-сессиясы

 

2025-жылдын 17-июну  №9-3

Бел айылдык кеңешинин төрагасына айлык акы кароо жөнүндө

Бел айылдык кеңешинин төрагасына 2025-жылдын 1-кварталында өткөргөн жалпы 9 сессиясы үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 40-берене 6-пунктуна таянып, айыл өкмөт башчысынын бир күндүк эмгек акысы өлчөмүндө төлөп берүү жагын карап чыгып, айылдык кеңеш токтом кылат:

1.Бел айылдык кеңешинин төрагасына 2025-жыл ичинде жалпы 9 жолу өткөрүлгөн ар бир сессиясы үчүн айыл өкмөт башчысынын бир күндүк эмгек акысы өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилсин.

2.Көрсөтүлгөн акча каражатын төлөпберүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүм башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

 

 

М.Ураимов