Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-6
Араван айылы
Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Шерматов Мамиржан М.Султанов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 2786,0 чарчы, мт тамеки комплексин жер тилкеси багытындагы жер тилкесин (МЧББУ мекемеси ) балдар бакчасы багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Шерматов Мамиржан М.Султанов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 2786,0 чарчы, мт тамеки комплексин жер тилкеси багытындагы жер тилкесин (МЧББУ мекемеси ) балдар бакчасы багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Шерматов Мамиржан М.Султанов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 2786,0 чарчы, мт тамеки комплексин жер тилкеси багытындагы жер тилкесин (МЧББУ мекемеси ) балдар бакчасы багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүнүн тургуну Шерматов Мамиржан М.Султанов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 2786,0 чарчы, мт тамеки комплексин жер тилкеси багытындагы жер тилкесин (МЧББУ мекемеси ) балдар бакчасы багытына өзгөртүп берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесинин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |