Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-январы №3-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн пландарын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Гулистан айылдык кеңеши Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын карап чыкты. Айыл өкмөтү тарабынан стратегиялык планда каралган бир катар иштер аткарылгандыгын, айрыкча социалдык чөйрөдө пландаштырылган иштер толугу менен аткарылгандыгын белгилейт. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана инвестиция саясаты боюнча туруктуу иш жүргүзүлбөй жаткандыгы боюнча кемчиликтерди белгилеп, Гулистан айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 4-бөлүмдүн 31-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1.Гулистан айыл аймагынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канаатандырарлык деп белгиленсин.
2.Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча берген маалыматы Гулистан айылдык кеңеши тарабынан маалымат ордунда кабыл алынсын. (Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат тиркелет).
3.Айыл аймагындагы бардык чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан иштер стратегиялык пландын негизинде алып барылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага
|
У.Мирзакулов |