Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-7
Араван айылы
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун айыл аймагындагы СПАлардын менчигиндеги ички каналдарын, ирригациялык курулмаларын жана мүлктөрүн муниципалдык менчикке кабыл алууу боюнча жазган билдирүүсүн кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун айыл аймагындагы
“Обу-Хает”, “Кара-Коргон”, “Теват”, “Үмүт-Араван” СПАлары тарабынан өздөрүнүн менчигиндеги ички каналдарын, ирригациялык курулмаларын жана мүлктөрүн муниципалдык менчикке акысыз өткөрүп берүү боюнча кабыл алган протоколдору токтомдору менен тааныштырып, СПАлардын менчигиндеги мүлктөрүн жаңыдан түзүлгөн муниципалдык ишкананын эсебине өткөрүп берүү боюнча билдирүүсүн угуп, топтолгон юридикалык документтери менен таанышып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-жана 19-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 07.02.2024-жыл №52 токтомунун 6-пунктун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл аймагындагы “Обу-Хает”, “Кара-Коргон”, “Теват”, “Үмүт-Араван” СПАларынын менчигиндеги ички каналдарын, ирригациялык курулмаларын жана мүлктөрүн муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.(1-тиркеме тиркелет.)
2. “Обу-Хает”, “Кара-Коргон”, “Теват”, “Үмүт-Араван” СПАларынын менчигиндеги ички каналдарын, ирригациялык курулмаларын жана мүлктөрүн кабыл алуу, өткөрүп берүү актын түзүү, мунисипалдык менчик реестрине каттоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Ахматахуновго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |