Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-8
Араван айылы
С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу №1 МЧББУнун жетекчиси М. Байкаримованын жазган арызын кароо жөнүндө.
С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу №1 МЧББУнун жетекчиси М. Байкаримова аталган балдар бакчасына керектүү инвентарларды сатып алуу максатында Араван райондук өнүктүрүү фондуна сметалык баасы 200,0 миң сомдук атайын долбоор жазып, өткөргөндүгүн билдирип, айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан долборду колдоп, кубаттап бериши жөнүндөгү арызын карап, долбоорун колдоп, кубатоо боюнча депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу №1 МЧББУнун жетекчиси М. Байкаримова аталган балдар бакчасына керектүү инвентарларды сатып алуу максатында Араван райондук өнүктүрүү фондуна сметалык баасы 200,0 (эки жүз) миң сомдук атайын долбоору колдоого алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн №1 МЧББУна керектүү инвентарларды сатып алуу максатындагы даярдалган долбооруна керектүү болгон кошумча документтерди даярдоо, мыйзам чегинде сарпталуучу каражаттарды каржылоо маселеси айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Ахматахуновго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |