Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8- отуруму
2024-жылдын 22-августу № 8/1
Гүлчө айылынын тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Гүлчө айылынын К.Султанбеков көчөсүнүн баш жагында жайгашкан суу кампадан Курманжан датка айылынын Тилектеш айыл өкмөтүнө караштуу Жошолу айылы менен чектеш жайгашкан жерине чейинки узундугу 6,0 км болгон жерине таза суу түтүктөрүн тартуу жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 8-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Тажибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 – беренесинин 5 – 11- пунктарына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын К.Султанбеков көчөсүнүн баш жагында жайгашкан суу кампадан Ш.Абдиев көчөсү, аскер бөлүктүн алды, Умаров көчөсүндөгү жол боюнан жана Жошолу суусунун үстүнөн , Курманжан датка айылындагы автожолдун сол тарабынан, Тилектеш айыл өкмөтүнө караштуу Жошолу айылы менен чектеш жерине чейинки аралыктагы узундугу 6,0 км болгон жерге таза суу түтүктөрүн тартуу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш - кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жана аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана жер адиси Р. Какаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, коммуникация, жол маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |