Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-9
Араван айылы
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 20.02.2024-жылдын айыл аймагындагы жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына тууралоо (корректировка) жүргүзүү жөнүндөгү №28 токтомун бекитип берүү жөнүндө.
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 20.02.2024-жылдын айыл аймагындагы жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына тууралоо (корректировка) жүргүзүү жөнүндөгү №28 токтомун бекитүү боюнча айыл аймагынын жер фондусуна жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы жана түзүлгөн акты менен таанышып, айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 20.02.2024-жылдын айыл аймагындагы жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына тууралоо (корректировка) жүргүзүү жөнүндөгү №28 токтому№ 1- тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1- тиркеме тиркелет )
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнө жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн актысы боюнча тийиштүү ишкана мекемелерге отчет берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |