Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-9
Араван айылы
Араван айылынын М.Закиров көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Жахонгир Х.Абдуллаев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик жер тилкеси багытындагы 19,0 чарчы мт, чачтарашкананын жер тилкеси багытындагы 17,0 чарчы, мт жер тилкелерин багытын тиш дарылоо (стоматология ) багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын М.Закиров көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Жахонгир Х.Абдуллаев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик жер тилкеси багытындагы 19,0 чарчы, мт жер тилкеси, 17,0 чарчы, мт чачтарашкананын жер тилкеси багытындагы жер тилкелерин багытын тиш дарылоо (стоматология ) багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Араван айылынын М.Закиров көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Жахонгир Х.Абдуллаев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик жер тилкеси багытындагы 19,0 чарчы мт, 17,0 чарчы, мт чачтарашкананын жер тилкеси багытындагы жалпысы 36,0 чарчы мт жер тилкесинин багытын тиш дарылоо (стоматология ) багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Араван айылынын М.Закиров көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Жахонгир Х.Абдуллаев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик жер тилкеси багытындагы 19,0 чарчы, мт жер тилкеси, 17,0 чарчы, мт чачтарашкананын жер тилкеси багытындагы жалпысы 36,0 чарчы мт жер тилкесинин багытын тиш дарылоо (стоматология ) багытына өзгөртүп берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесинин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |