Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8 - отуруму
2024-жылдын 22-августу № 8/2
«Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасы болуп негизделгендиги, киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын, штаттык бирдигинин тарификациясын жана айлык маяналарын бекитип берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 8-отуруму, «Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Таалайбековдун 2024-жылдын 9-июлдагы билдирүүсү талкууланып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34 - беренесинин 5 - пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасынын киреше бөлүгү 804, 3 (сегиз жүз төрт миң, үч жүз) сомду түзүп, чыгаша бөлүгү эмгек акы фонду бир айга 122,0 (бир жүз жыйырма эки миң) сом , алты айга 732,0 (жети жүз отуз эки миң) сом жана башка чыгашалар 72,3 (жетимиш эки миң үч жүз ) сомдук смета түзүлүп , кызматкерлердин 6 (алты) штаттык бирдиги Гүлчө айыл өкмөтүнүн макулдашуусунун негизинде бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасы 2024-жылдын 8-июлунда Ош юстиция башкармалыгы тарабынан «Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасы болуп катталган күндөн тарта, «Гүлчө Автобекет» ишканасы тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдөн жана башка ишмердүүлүктөрдөн түшкөн акча каражаттын эсебинен жумушчулардын айлык маяналары төлөнүп берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |