Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-январы №3-3
Гулистан айыл аймагынын “Каракой” жана “Тытзар” участкаларын жашоочуларына тамарка (жер) салыгынан жеңилдик берүү жөнүндө
Гулистан айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын алкагында Гулистан айыл өкмөтүнүн Фрунзе айылынын “Тытзар” участкасында калктуу конуштардын тамаркасынын жер астынан суу чыгып кеткен тамаркаларга жана Чоң-Кыштоо айылынын “Каракой” участкасындагы бийик тоолуу жердеги конуштардын тамарка (жер) салыгына жеңилдик берүү максатында, токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн Фрунзе айылынын “Тытзар” участкасындагы калктуу конуштардын тамаркасынан жер астынан суу чыгып кетиши мүмкүн болгон 54 кожолук тамарка (жер) салыгын төлөөдөн толук бошотулсун (бошотулган кожолуктардын тизмеси тиркелет)
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн Чон-Кыштоо айылынын “Каракой” участкасында бийик тоолуу жерде жашаган конуштарды тамарка (жер) салыгынын базалык ченинен 50% (пайыз) өлчөмүндө жеңилдик берилсин (жеңилдик берилген кожолуктардын тизмеси жана жер аянты тиркелет).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |