Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8- отуруму
2024-жылдын 22-августу № 8/3
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29 -декабрындагы № 735 токтомун аткаруу максатында Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасын» түзүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 8-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 – беренесинин 5 – пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29 -декабрындагы № 735 токтомуна ылайык Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасы» болуп түзүлсүн.
2. Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасына» тиешелүү жайыт жерлери аныкталсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик , кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |