Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8 - отуруму
2024-жылдын 22-августу № 8/4
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2024-жылга бекитилген сметасында такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 8- отуруму, Гүлчө айыл өкмөт башчысынын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34 - беренесинин 5 - пунктуна ылайык, Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы Ж Кыпыева атындагы орто мектебине караштуу, жаңыдан курулган Дурсуматов Сыдык атындагы спорт комплексинин ачылыш аземинде Жогорку Кенештин төрагасы Н.Шакиевдин катышуусунда республикалык бюджет тарабынан берилген 200,0 (эки жүз миң ) сом акча каражаты, аты аталган спорт комплекстин ички инвентарларын алууга жумшалсын.
2. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-жылга карата республикалык бюджеттен кошумча берилген учурдагы жардам беренесине планга киргизип тактоо жагы каралсын.
К/н | Берененин аталышы | берене | Бардыгы | 3- квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Учурдагы жардам | 14411100 | 200,0 | 200,0 |
|
| Баардыгы |
| 200,0 | 200,0 |
|
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | бардыгы | 3-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | |||||
70921 | Орто мектеп |
Учурдагы чарбалык максаттар учун буюумдарды жана материалдарды алуу
| 22221100 | 200,0 | 200,0 |
|
|
| Баардыгы |
| 200,0 | 200,0 |
|
4. Жогорудагы акча каражатын 2024-жылга бекитилген сметанын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
5. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаев жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |