Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-14
Араван айылы
Айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын Сарай көчөсүнүн тургуну Акбаров Абиджондын арызын кароо жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын Сарай көчөсүнүн тургуну Акбаров Абиджон элдин жана мектеп окуучуларын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ленин көчөсүндөгү Манас орто мектебинин филиалына өтүүчү борбордук жолго жөө жүргүнчүлөр тилкеси сызуу жана атайын белгилерди орнотуу боюнча жазган арызы каралып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнө элдин жана мектеп окуучуларын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ленин көчөсүндөгү Манас орто мектебинин филиалына (мектепке) өтүүчү борбордук жолго жөө жүргүнчүлөр тилкеси сызуу жана атайын белгилерди орнотуу жагы милдеттендирилсин.
2. Ленин көчөсүнүн Манас орто мектебинин филиалына өтүүчү борбордук жолго жөө жүргүнчүлөр тилкеси сызуу жана атайын белгилерди орнотууга жергиликтүү бюджетине кошумча булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен акча каражатын ажыратуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Базарбаевге тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнө элдин жана мектеп окуучуларын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ленин көчөсүндөгү Манас орто мектебинин филиалына өтүүчү борбордук жолго жөө жүргүнчүлөр тилкеси сызуу жана атайын белгилерди орнотуу иштерин 2024-жылдын 1-сентябына чейин аткаруу жагы белгиленсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |