Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-январы №3-5
Гулистан айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 76-беренесинин жана тийиштүү укуктук-ченемдик актыларынын негизинде, Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы юридикалык, жеке ишкердик жүргүзгөн тараптар жана кожолуктардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйымдарды өлчөмү жөнүндөгү сунушун карап чыгып жана талкуулап айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1.Гулистан айыл аймагындагы юридикалык жактарга жана жеке ишкердик жүргүзгөн тараптардын иштегендердин санына карата таштанды жыйымы бир жылга (ар бир иштеген кишиге) 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Гулистан айыл аймагындагы жеке жактардан алынуучу таштанды жыйымы бир жылга (ар бир жан башка) 30 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Таштанды жыйымын жыйноону 2025-жылдын 1-апрелине аяктоо Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |