Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-15
Араван айылы
Айылдык кеңешинин депутаты Сидиков Фарходжондын арызын кароо жөнүндө
Айылдык кеңешинин депутаты Сидиков Фарходжон айыл өкмөтүнүн тургундарын жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ленин көчөсүнүн М.Горкий көчөсү менен кесилишине борбордук жолго жөө жүргүнчүлөр тилкеси сызуу жана атайын белгилерди орнотуу боюнча жазган арызы каралып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнө айыл өкмөтүнүн тургундарын жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ленин көчөсүнүн М.Горкий көчөсү менен кесилишине борбордук жолго жөө жүргүнчүлөр тилкеси сызуу жана атайын белгилерди орнотуу жагы милдеттендирилсин.
2. Ленин көчөсүнүн М.Горкий көчөсү менен кесилишине борбордук жолго жөө жүргүнчүлөр тилкеси сызуу жана атайын белгилерди орнотууга жергиликтүү бюджетине кошумча булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен акча каражатын ажыратуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Базарбаевге тапшырылсын.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |