Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8 - отуруму
2024-жылдын 22-августу № 8/5
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын “Ырыскы” жааматынын, Гүлчө айыл өкмөтүндө айыл башчы болуп бир нече жыл иштеп, жааматка ар кандай жардам көрсөтүп, элге эмгеги сиңген маркум Сатарбаев Бекжандын ысымын өзү жашаган көчөгө ыйгарып берүү боюнча жазган арыздары жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 8-отуруму, депутат Каныбеков Эмилдин баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34 - беренесинин 5 - пунктунун ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан датка айылынын “Ырыскы” жааматы өткөргөн жыйындын протоколдорунун негизинде жана өкмөт башчысынын сунушу боюнча Сатарбаев Бекжандын ысымы өзү жашаган үйүнөн баштап Улук кызы Карамат атындагы мечитке чейинки көчөгө Сатарбаев Бекжандын ысымы ыйгарылсын.
2. Сатарбаев Бекжандын ысымы ыйгарылган көчөгө кеткен чыгымдар Сатарбаев Бекжандын үй-бүлөсү тарабынан каржылансын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Нурсултанга милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Б. Самиев |