Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-январы №3-6
Гулистан айылдык кеңешинин 2025-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери” жөнүндөгү Мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү кеңештердин компетенциясынын негизинде, айылдык кеңештин иш планы түзүлүп, бекитүлүүсү керек.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Гулистан айылдык кеңешинин 2025-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин. (Иш-план тиркелет)
2.Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Абдураимовго жүктөлсүн.
Төрага
| У.Мирзакулов |