Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-16
Араван айылы
Араван айылынын Азизахунов көчөсүнүн тургуну Ахматкулова Саломатхон Азизахунов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 700,0 чарчы, мт жер тилкеси багытындагы жеринин багытын турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө.
Араван айылынын Азизахунов көчөсүнүн тургуну Ахматкулова Саломатхон Азизахунов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 700,0 чарчы, мт жер тилкеси багытындагы жеринин багытын турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Араван айылынын Азизахунов көчөсүнүн тургуну Ахматкулова Саломатхон Азизахунов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 700,0 чарчы, мт жер тилкеси багытындагы жеринин багытын турак жай багытына өзгөртүп берүү маселеси С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосуна калтырылсын.
2. Айыл өкмөтүнө Ахматкулова Саломатхондын Азизахунов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 700,0 чарчы, мт жер тилкеси багытындагы жеринин багытын турак жай багытына өзгөртүү боюнча Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча бакармалыгынан жана “Жер ресурстары кызматы” Араван филиалынан корутундусун алуу жагы тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адиси Б. Шайымкуловго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |