Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8 - отуруму
2024-жылдын 22-августу № 8/6
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Алымбек датка эс алуу багына жаңыдан салынган волейбол аянтчасын “Гүлчө Парк” муниципалдык ишканасын ыкчам пайдаланууга өткөрүп берүү жана тарифин бекитип берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 8-отуруму , «Гүлчө Парк» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Аттокуровдун билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы 15-беренесинин жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 4-5-пунктарына ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алымбек датка эс алуу багына салынып жаткан спорттук (волейбол, футбол) аянтчалар «Гүлчө Парк» муниципалдык ишканасына ыкчам пайдаланууга берилсин.
2. Алымбек датка эс алуу багында жаңыдан салынган волейбол аянтчасынын тарифи саатына 300 (үч жүз) сомдон белгиленип, айына 30 000 (отуз миң) сом төлөө боюнча план бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика боюнча жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |