Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын ХХI-сессиясы
ТОКТОМ
26.07.2024-жыл. № 21-14
Араван айылы
Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун Манас орто мектебинин филиалына спорт аянтчасын куруу боюнча Ош облустук өнүктүрүү фондуна атайын сметалык баасы 4 496,557 миң сомдук долбоор жазып, 2024-жылда спорт аянтчасын куруп бүтүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, долбоор менен таанышып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл өкмөтү тарабынан Манас орто мектебинин филиалына спорт аянтчасын куруу боюнча Ош облустук өнүктүрүү фондуна атайын сметалык баасы 4 496,557 (төрт миллион төрт жүз токсон алты миң беш жүз элик жети сом) миң сомдук долбоору колдоого алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн Манас орто мектебинин филиалына спорт аянтчасын куруу максатындагы даярдалган долбооруна керектүү болгон кошумча документтерди даярдоо, мыйзам чегинде сарпталуучу каражаттарды каржылоо маселеси айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Ахматахуновго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |