Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-январы №3-7
Гулистан айыл аймагындагы мекеме уюмдардын, артезиандык скважиналардын, көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2025- жылга электр энергиясына болгон лимиттерди бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын, артезиандык скважиналардын, көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2025-жылга электр энергиясына болгон керектелүүчү киловатт саат лимитин мыйзам боюнча айылдык кеңеши бекитип бериши керектелет. Ушул максатта Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Гулистан айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык мекеме уюмдардын, артезиандык скважиналардын, көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2025-жылга электр энергиясына болгон 1 231 000 кВт саат өлчөмүндөгү лимити бекитилсин.
2.Электр энергиясын белгиленген лимиттен ашырбай пайдалануу ар бир мекеме уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |