Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8 - отуруму
2024-жылдын 22-августу № 8/7
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган 28-беренесинин 4-6-пункттарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тамактанууну уюштуруу булактары жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигинин 20.12.2023-жылдагы №16 – 2/11200 номерлүү каты боюнча Н.Тажибаевдин сунушу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 8-отуруму , Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында болуп өткөн ата-энелердин чогулуштарынын протоколдорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 4-5-пунктарына ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашын уюштуруу ата-энелер тарабынан, 2024-жылдын 1-августунан тарта, ар бир ай үчүн тамак-ашка болгон төлөм 1000 (бир миң) сом болуп бекитилсин.
Төрага: | А.Б. Самиев |